23.03.2018 15:44

С. Жээнбеков өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысын кабыл алды

С. Жээнбеков  өлкөнү  туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысын кабыл алды

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-мартта Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды.

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору талкууланды.

Нурсулу Ахметова Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү Стратегиясынын долбоору коомдук талкуунун натыйжасында, эксперттик жана илимий коомчулуктун пикирин эске алуу менен кошумчаланып, иштелип чыкканын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорун Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна киргизүү тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин жыйыны 2018-жылдын 27-мартына пландалган.