13.06.2019 12:04

С. Жээнбеков: Кыргызстан терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө Кытай менен бирдиктүү позицияда

С. Жээнбеков: Кыргызстан терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө Кытай менен бирдиктүү позицияда

Президент Сооронбай Жээнбеков Тайвань маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын тастыктады. Бул тууралуу президент бүгүн, 13-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушканда билдирди.

«Тайвань Кытай территориясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ал эми Кытай өкмөтү - бүтүндөй Кытайдын атынан сүйлөгөн жалгыз мыйзамдуу өкмөт», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүү маселелери боюнча Кыргыз мамлекети Кытай менен бирдиктүү позицияны карманарын кошумчалады.

«Дүйнөлүк жана регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелери салт катары Кыргыз өлкөсүнүн жана Кытайдын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калат. Коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү маселелер боюнча биздин бирдиктүү көз карашыбыз мамлекеттерибиз ортосундагы өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү жана активдештирүү үчүн бекем негиз түзөт деп эсептейм», - деди Жээнбеков.