03.03.2020 12:02

Садыр Жапаровду колдоо митингин уюштурган Каныбек Осмоналиев "Ар-Намыс" партиясынан чыгарылат

Садыр Жапаровду колдоо митингин уюштурган Каныбек Осмоналиев "Ар-Намыс" партиясынан чыгарылат

Күн мурун, 2-мартта Садыр Жапаровду колдоо максатында митинг уюштурган Каныбек Осмоналиев “Ар-Намыс” партиясынан чыгарылат. Бул тууралуу саясий уюмдун лидери Феликс Куловго таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Каныбек Осмоналиев каршылык акциясына катышып жаткандыгы тууралуу “Ар-Намыс” партиясынын жетекчилигине кабар берген эмес.

«Мындай иштерди акылдашып жасоо керек. Эгер ал бизге айтса эч ким каршы болмок эмес. Бирок, биз анын Садыр Жапаровго зыяны тийбешин талап кылмакпыз. Анткени, ал өзү кайрылып, митингден баш тартууну суранган. Анүстүнө митингди Ала-Тоо аянтында эмес, Максим Горький атындагы скверде өткөрүүгө гана уруксат берилди», — дейт Феликс Кулов.

Партия Каныбек Осмоналиевдин тагдырын жакын арада чекмекчи.

Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев кечээ кармалып, ага бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү айыбы тагылууда.

Эске салсак, күн мурун, 2-мартта Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында саат 11:00дөн бери экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушкан.

Митингге чыккандар бийликке үч талап коюшкан:

  1. Саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу;
  2. Кумтөр көйгөйлөрүн чечүү;
  3. Коронавирустан коргонуу үчүн чек араларды жабуу.

Саат 18:00дөр чамасында митингчилер ак үйдү көздөй бет алышып, бирок милиция кызматкерлери аларга карата суу бүркүгүч, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, жарандарды борбор аянттан сүрүп чыгышкан.