05.03.2020 09:33

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Каныбек Осмоналиев 2 айга камалды

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Каныбек Осмоналиев 2 айга камалды

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Каныбек Осмоналиев эки айга камалды. Бул боюнча чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев 2-май күнү Садыр Жапаровду колдоо митингинен кийин кармалган. Ага бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү айыбы тагылууда.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Милиция митингдин катышуучуларын күч менен таратып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таш ыргытылып, көчө боюндагы бир катар автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Бул фактыны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде каттап, сотко чейинки өндүрүш башталды.