28.02.2020 10:43

Садыр Жапаровду колдоо митингине чыккандарга кысым көрсөтүлөбү? Милициянын жообу

Садыр Жапаровду колдоо митингине чыккандарга кысым көрсөтүлөбү?  Милициянын жообу

Милиция кызматкерлери Кой-Таш, Арашан жана башка Аламүдүн районунун айылынын жергиликтүү тургундарын кармап, 2-мартта боло турган митингге чыкпагыла деп суранып жатат деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

«Жогорудагы айтылган маалымат туура эмес. Себеби азыркы учурда Аламүдүн райондук милициясы гана эмес, ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бардык аймагында масштабдуу алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул иш-чаранын максаты – көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, кылмыш иштерин жасап качып кеткен адамдарды кармоо, уурдалган буюмдарды табуу жана башка кылмыштарды ачуу. Ошондой эле ички иштер бөлүмүндө каттоодо турган адамдар алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн милиция бөлүмүнө чакырылып, алар менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти облустук милициядан.

Чүй облустук милициясы, жарандарды ыкчам алдын алуу иш-чараларын түшүнүү менен кабыл алуусун суранат жана алардын иш-аракеттери жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталганын билдирет.

Эске салсак, мурдараак социалдык тармактын бир нече колдонуучусу укук коргоо органдары аларды 2-мартта митингге чыгат деп чоочулап жатышканын билдиришкен. Ал эми "Апрель" телеканалынын өздүк булактары дагы бул маалыматты тастыкташкан.