26.08.2019 15:44

Садыр Жапаровдун баласы жол кырсыгынан каза тапты. Окуянын чоо-жайы

Садыр Жапаровдун баласы жол кырсыгынан каза тапты. Окуянын чоо-жайы

Садыр Жапаровдун улуу баласы Дастан жол кырсыгына учурап каза тапты. Бул туурасында жарандык активист Мелис Аспеков Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, кырсык 22-август күнү түнкү саат 22:00 чамасында болгон. Мотоцикл менен үйүнө бара жаткан Дастан Садыр уулун С. Э. аттуу адам сүзүп кеткен. Мотоциклден кулап түшкөн жигитти айдоочу унаасы менен үстүнөн тебелеп өткөн.

«Мунун баары видео байкоого түшүп калган. Анда көрүнүп тургандай С. Э. артында келе жаткан бир машинаны өткөрүп, анын эле артында удаа келе жаткан мотоциклге капталын тосуп бергени көрүнүп турат. Бул жерде С. Э. эки чийиндүү жерден «бурулуш» жасап, жол эрежесин одоно бузганы көрүнүп турат.  С. Э. бул кылмышын «артка бурулуп кеткенге үлгүрүп калам го дегем, кечирим сурайм» деп түшүндүрүүдө.  Бул саясий заказ эмеспи деген версиялар текшерилип жатат. Дастан Садыр уулу учурда номер 4-шаардык ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болду деп билдиришти жакындары», -деп жазат Аспеков.

Маалыматка караганда, маркумдун тажиясы Ысык-Көл облусунун, Түп районунун Кең-Суу айылында 28-август күнү, саат 11:00дө  өтөт.