22.08.2018 09:22

Сахалинде урандыда калгандардын тек-жайы аныкталды

Сахалинде урандыда калгандардын тек-жайы аныкталды

Орусиянын Сахалин облусунун Поронайcк шаарында чатыры урап түшкөн имараттын алдында калган эки кыргызстандыктын тек-жайы аныкталды. Бул тууралуу Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшим Төлбаев ЖМКларга билдирди.

Анын айтымында, каза болгон жарандар 22-23 жаштагы Өзгөн районунун тургундары болгон. Маркумдардын туугандарына кабар берилди.

Алардын сөөгү 21-августта соттук экспертизадан өткөрүлөт. Андан соң Кыргызстанга жөнөтүлмөкчү. Учурда алардын сөөгүн жөнөтүү боюнча кыргыз диаспорасы каражат чогултуп жатат.

19-августта Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, бир киши каза болгон. Каза болгон адам тажикстандык экени аныкталды. Ал эми уранды алдында калган эки кыргызстандыктан сөөгү 20-августта гана казып чыгарылды.

Мындан башка беш адам ооруканага жаткырылган. Алардын абалы учурда канаттандыраарлык.