06.04.2018 09:20

Саламаттыкты сактоо министри кесиптештерине кыргыз-түрк достугу жаңы ооруканасын көрсөттү

Саламаттыкты сактоо министри кесиптештерине кыргыз-түрк достугу жаңы ооруканасын көрсөттү

Саламаттыкты сактоо  уюмунун жетекчилери Бишкектеги кыргыз-орус достугу ооруканасын барып көрүштү. Ал жерде коопсуздук системасы жана жугуштуулукту көзөмөлдөө боюнча презентация өткөрүлдү. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Оорукана 478 адамды жумуш орду менен камсыз кылат,  алардын ичинен 30 адам Түркиядан чакырылган  жогорку квалификациялуу хирургдар болот. Алардын айлык маянасын Түркия тарап төлөмөкчү.

Бул туурасында өз кесиптештерине оорукана ичинде саякат уюштурган министр Талантбек Батыралиев билдирди.Түрк өкмөтү ооруканага 19,5 млн доллар  бөлүүдө. Анын 3 миллион сому чакырылган адистерге кетет, калгандары ооруканада тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыз кылуу  үчүн жумшалат. 

"Оорукана акыркы үлгүдөгү заманбап жабдуулар менен камсыздалат. 3 жыл ичинде кыргыз тарап эл аралык стандарттардын талабы  менен башкаруу, дарт аныктоо жана дарылоону үйрөнүшү керек. Андан соң оорукана өзүн-өзү камсыздоого жана чыгымын актоого өтөт. Аны менен катар эле мамлекеттик мүлк катары кала берет жана бул башкаруунун пилоттук тажрыйбасын биз өлкө боюнча жайылтууга тийишпиз", -дейт Талантбек Батыралиев.