Коронавирус: Турция Бишкекте курган бейтапкананы колдууга уруксаат берди

Коронавирус: Турция Бишкекте курган бейтапкананы колдууга уруксаат берди

Түрк бийлиги Бишкек шаарына салынган оорукананы Кыргызстанга өткүрүп берди. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, коронавирус  менен күрөшүү учурунда мындай колдоо маанилүү экендиги айтылат.

Дүйнөдөгү эпидемиялогиялык кырдаал жөнгө салынгандан кийин расмий түрдө өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, 72 орундуу кыргыз-түрк ооруканасы толук жабдылган. Бирок, ортодогу сүйлөшүүлөр жыйынтыктала электигинен дагы эле ачылбай турат.

Күн мурун, 24-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары аталган оорукананы өкмөт эмне себептен колдонбой жатат деп, маселе көтөрүшкөн. Кыргыз өкмөтү оорукананы азыркы кырдаалда колдонобу, же жокпу азырынча маалымат берише элек.