Саламаттыкты сактоо министрлиги: Күйдүргүгө шектелген адамдардын абалы канааттандыраарлык

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Күйдүргүгө шектелген адамдардын абалы канааттандыраарлык

Ош облусунда күйдүргү оорусун жуктуруп алууга шектелип, ооруканага түшкөн бейтаптардын абалы канааттандыраарлык. Алардан лабораториялык иликтөөлөр үчүн биоматериалдар алынды. Бул туурасында April.kg порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

12-август күнү Кара-Кулжа райондук аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө күйдүргүгө шектелип, 12 адам жаткырылган. Иликтөө учурунда 6-август күнү Карагуз айыл аймагынын Калматай айылында 7 адам оорулуу уйду союуга катышканы аныкталган.

«Күйдүргүнүн очогун чектөө жана жок кылуу үчүн райондун ветеринардык кызматы менен бирге тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Жергиликтүү администрациянын токтому менен ыкчам штаб түзүлдү. Адистер үймө-үй кыдырып, күйдүргүгө шек жараткандарды издешүүдө. Ооруканага жаткырылган адамдар менен байланышта болгондорго 5 күн антибиотик берилип, 14 күн байкоодо болот. Жергиликтүү калк арасында жана малчылар арасында күйдүргүнүн алдын алуу боюнча тушүндүрүү иштери жүрүп жатат», -деп жазат Саламаттыкты сактоо министрлиги. 

Ошондой эле, куйдүргүнү жуктуруп албоо үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу түшүндүрмө беришти. Алар: 

  • Жыл сайын үй жандыктарын күйдүргүгө каршы эмдөөдөн өткөрүү (бодо мал, кой-эчки, жылкыларды);
  • күйдүргүнүн очогу бар аймактарга жакын жерде мал жайбоо; 
  • короодон оорулуу малды көрөөр замат мал доктурга кайрылуу; 
  • ветеринар малдын соо экенин тастыктамайынча, өз корооңордо мал сойбоо; 
  • малдын этин жана сүтүн сатып алууда сатуучудан мал доктурдун ырастамасын талап кылуу;
  • мал союуда жана кармоодо жеке гигиена эрежелерин сактоо (фартук, кол кап, өтүк кийип, колду дезинфекциялоочу каражат менен жууп туруу.