08.05.2018 09:48

Салык кызматы 2018-жылга 1 миң 343 салык контрагын түздү

Салык кызматы 2018-жылга 1 миң 343 салык контрагын түздү

2018-жылга Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр менен жалпы суммасы 520 млн сом өлчөмүндө 1 миң 343 салык контрагын түзгөн. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын басма-сөз кызматы билдирет. 

Алардын ичинен коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү ишкердик менен алектенген субъекттер менен 192,5 млн сом өлчөмүндө 834 салык контрагы, ден-соолук чыңдоочу комплекстер менен 17,9 млн сом өлчөмүндө 30 салык контрагы, турак-жай куруучулар менен 231,4 млн сом өлчөмүндө 44 салык контрагы, иштердин башка түрлөрү менен алектенген субъекттер менен 81,1 млн сом өлчөмүндө 435 салык контрагы түзүлгөн.

Эскерте кетсек, салык контрагы салык органы менен төлөөчүнүн ортосунда түзүлөт жана төмөнкү салыктардын белгиленген суммасынын өлчөмүндө салык төлөөчүнүн макулдашылган салык милдеттенмесин аныктайт: киреше салыгы, салык салынуучу берүүлөргө КНС, сатуудан алынуучу салык. Контракттын негизинде салык милдеттенмелерин аткаруу үчүн салык мезгили болуп бир календарлык жыл эсептелет (турак-жай куруучуларды кошпогондо, алар үчүн контракт ар бир объект боюнча 36 ырааттуу айга чейинки мөөнөткө түзүлөт).

Салык контрактын түзгөн чарба субъектилер  утурлама текшерүүнү кошпогондо көчмө текшерүүлөргө дуушар болбойт.