02.03.2018 13:27

Салык кызматы элге декларацияны электрондук түрдө тапшырууну үйрөтүүдө

Салык кызматы элге декларацияны электрондук түрдө тапшырууну үйрөтүүдө

Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын берүү тартиби жана салык мыйзамдарын колдонуу маселелери боюнча өлкөнүн бардык региондорунда салык төлөөчүлөр менен семинар-кеңешмелерди өткөрүүдө.

Семинарлар салык органдарынын түшүндүрүү иштерин жана салык төлөөчүлөрдүн маалымдуулугун жакшыртуу максатында, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча декларациялык кампанияны жүргүзүүнүн алкагында уюштурулган.

Бекитилген графикке ылайык, семинарлар үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Бишкекте жана Чүй облусунда, анын ичинде Токмок жана Кара-Балта шаарларында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында өткөрүлдү.

Семинарлардын жүрүшүндө салык төлөөчүлөр Бирдиктүү салык декларациясын берүү тартибине байланыштуу маселелер боюнча маалымат алышты. Атап айтканда, Салык кызматынын кызматкерлери салык отчетторун берүү үчүн “Салык төлөөчүнүн кабинетине” кирүүгө мүмкүндүк алуу жол-жобосу, анын ичинде салык декларациясын электрондук түрдө берүү тартиби жөнүндө айтып беришти. Салык төлөөчүлөр ошондой эле электрондук отчеттуулуктун артыкчылыктары жөнүндө да билишип, өткөн жылы салык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорго тийиштүү маселелерди талкуулашты.

Мындай семинарлар эми  5-мартта – Нарын ш., Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда, 13-мартта – Талас ш., Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас жана Талас райондорунда, 16-мартта – Балыкчы жана Каракол шаарларында, ошондой эле Ысык-Көл, Ак-Суу, Түп, Тоң, Жети-Өгүз, Кочкор жана Жумгал райондорунда болот.