Салык кызматында жетекчи алмашты. Абдыкаимовдун ордуна, Абжапаров келди

Салык кызматында жетекчи алмашты. Абдыкаимовдун ордуна, Абжапаров келди

Октябрь Абдыкаимов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн  билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кой койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Ал эми, өкмөт башчынын башка буйругуна ылайык, Теңизбек Абжапаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул кызматка келгенге чейин, ал Социалдык фондду жетектеп келген.

Кыскача таржымалы: 48 жашта, үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. 

Туулган жери: Ош облусунун, Өзгөн району.

1987-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик университеттин экономика факультетин бүтүргөн.