16.05.2018 14:16

Салык кызматынын электрондук сервиси башка домен менен иштеп баштады

Салык кызматынын электрондук сервиси башка домен менен иштеп баштады

Мамлекеттик салык кызматынын “Салык төлөөчүлөрдүн кабинети” электрондук сервиси 2018-жылдын 15-майынан тартып мурдагы  «e-taxservices.kg» домендин ордуна  www.salyk.kg домени аркылуу иштеп баштады. Бул туурасында аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди. 

Домендик атты алмаштыруу колдонуучулардын электрондук кызматтарга кирүүсүн жакшыртуу жана жеңилдетүү максатында сайтты модернизациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында ишке ашырылды.

Эскерте кетсек, ушул жылдын башында Салык кызматы өзүнүн ведомстволук сайтын модернизациялаган жана ал боюнча, анын ичинде электрондук кызмат көрсөтүүлөр бөлүмү боюнча жакшыртуу иштерин улантууда.