02.07.2018 11:45

Салыктан качкан ишканалардан 12 миллион сом өндүрүлдү

Салыктан качкан ишканалардан 12 миллион сом өндүрүлдү

Каржы полициясы менен Мамлекеттик салык кызматы биргеликте мамлекетке 12 миллион сом кайтарышты. бул туурасында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Каржы полициясынын Тоң, Ысык-Көл району жана Балыкчы шаары боюнча район аралык бөлүмүнө Ысык-Көл районундагы мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынан  салыктан качкан «Л.-Х.» жана  «А.-Т.» ишканаларынан төлөмдөрдү өндүрүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган кат келип түшкөн.

Кабыл алынган чаралардын аркасында мамлекетке 12 миллион 521 миң 966 сом кайтарылды.