07.09.2018 17:32

Самбо чемпиону Бекзат Жаныбековдун өлүмү иликтенүүдө

Самбо чемпиону Бекзат Жаныбековдун  өлүмү иликтенүүдө

Милиция Кыргызстандын самбо боюнча чемпиону, 28 жаштагы Бекзат Жаныбековдун өлүмүн иликтөөдө.

Бишкектин ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун айтымында, кылмышка шектүү катары маркумдун жердеши, Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы тургуну кармалды. Алгачкы суракта ал окуяга уруш себеп болгонун айтып берген:

«Ал сөздөн сөз чыгып уруша кеткенин, колуна бычак сыяктуу нерсени алып уруп жибергенин жана кандай жараат алганын көрбөгөнүн айтууда», -дейт маалымат катчы.

Оморовдун айтымында, окуя 3-сентябрда Ленин районунун аймагында болгон. Кылмышка шектүү адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Кылмыш кодексинин 104-беренесинин (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде иш козголуп, тергөө жүрүүдө.