06.05.2019 10:25

Санкт-Петербург шаарында 29 жаштагы кыргыз жаранын сабап өлтүрүштү

Санкт-Петербург шаарында 29 жаштагы кыргыз жаранын сабап өлтүрүштү

Санкт-Петербург шаарында 29 жаштагы кыргыз жаранын сабап өлтүрүштү. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 3-май күнү болжол менен саат экилер чамасында шаардын полиция бөлүмүнө Яковлевск көчөсүндөгү №6 үйдө 25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү эркек адамдын
жансыз денеси жаткандыгын кабарлашкан. Каза болгон адам Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун тургуну, 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жаран болуп чыккан.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, С.Б. бетине көп сокку жегендиктен, алган жаракатынан каза болгондугу аныкталган. Ошол эле күнү аталган факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүмүндө (Адам өлүмүнө алып келген атайылап ден соолукка зыян келтирүү ) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошол эле күнү кылмыштын изин суутпай жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелип Россия Федерациясынын тургуну, 1992-жылды туулган М.М. аттуу жаран кармалган. Ал Санкт-Петербург шаарындагы убактылуу кармоочу жайга камалды. Россиянын ИИМдин Башкы маалыматтык-аналитикалык
борборунун маалыматы боюнча М.М. аттуу жаран мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Азыркы учурда, тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизаларды жүргүзгөн соң гана С.Б. аттуунун туугандары тарабынан «Жүк-200» кичи мекенине жөнөтүү маселелери чечилип жатат.