11.11.2019 17:46

Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранды сабап кетишти

Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранды сабап кетишти

Санкт-Петербургда дарыгерлер өз батиринде сабалган кыргызстандык жаранды ооруканага жеткиришти. Бул туурасында орус басылмалары жазып чыкты. 

Маалыматта айтылгандай, бетинде көп сандаган көгала жана тытыктар бар жаран өзү мас абалында болгон. Анын мурун соттолгон-соттолбогону, каттоосу жана мурун административдик жоопкерчиликке тартылуусу боюнча азырынча эч кандай маалымат жок. Божомолдор боюнча аны белгисиз адамдар сабап кеткен. 

Дарыгерлер жабырлануучунун абалын канааттандыраарлык деп табышты. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланат.

Кошумча териштирүү иштери жүрүп жатат.