30.05.2019 14:43

Санкт-Петербургда полиция мигранттар жашаган аймактарды текшерип баштады

Санкт-Петербургда полиция мигранттар жашаган аймактарды текшерип баштады

Санкт-Петербург шаарында полиция кызматкерлери мигранттар топтошуп жашаган аймактарды катуу текшерип башташты. Бул туурасында РФ Ички иштер министрлигинин Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгына таянып, орус басылмалары жазып чыгышты. 

Полиция кызматкерлеринин максаты - 20-майга караган түнү Салов көчөсүндөгү кафеде болгон бычакташуунун катышуучуларын табуу. Маалыматка караганда, ИИМ кызматкерлери чатактын катышуучуларынын улутун аныкташкан. Алар жакынкы өлкөлөрдүн биринин жарандары экени айтылат. 

Чатак кафеде эки топтун кайым айтыша кетүүсүнөн  башталган. Жыйынтыгында, эки киши бычактан жаракат алып ооруканага жеткирилген, дагы экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Шектүүлөр окуя болгон жерден Ravon жана Chevrolet унаалары менен из жашырып кетишкен.  Учурда кылмыш ишин козгоо  маселеси чечилүүдө.