20.12.2018 13:46

Сапар Исаков: Бул процесстердин артында Сооронбай Жээнбеков турат (эксклюзивдүү аудио)

Сапар Исаков: Бул процесстердин артында Сооронбай Жээнбеков турат (эксклюзивдүү аудио)

Бишкек шаардык соту 2018-жылдын 18-декабрында Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтүн өзгөрүүсүз калтырды. Буга чейин Биринчи май райондук соту Исаков эркиндикке чыкса, тергөө амалдарын жүргүзүүгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн деген шылтоо менен аны 5- январга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган болчу.

Ага макул болбогон адвокаттар кассациялык даттануу менен шаардык сотко кайрылышкан. Сот отуруму жабык эшик артында өттү. Жана процесске Сапар Исаковду колдоп Кочкордон келген жердештери менен шаардагы туугандары, кесиптештери киргизилген жок. Эске салсак, мурунку премьер-министр ЖЭБди жаңылоодогу коррупцияга тиешеси бар деген айып менен жарым жыл мурун камакка алынган   

Сот отурумунда Сапар Исаков билдирүү жасаган. Анда ал бул иштин артында ким турарын жана ага карата иш  атайын козголгонун айткан. Исаковдун сот залындагы сөзүн адвокаты диктофонго жаздырып алган. Аны назарыңыздарга сунуштайбыз:

«Эрксизден «День сурка» тасмасы ойго келет. Кайра эле мени бул жерге алып келип, ошол эле адамдар ошол эле чечимди чыгарышат. Мунун баары түшүнүктүү. Мен маанилүү учурларга токтолоюн. Биринчиден, мен бардык ЖМКларга Кыргызстандан эч кайда качып кетпесимди айтып келгем. Тергөө органдарынын биринчи эле талабы менен өзүмдүн бардык паспортторумду – дипломаттык, кызматтык, жалпы жарандык, ID-картамды УКМКга өткөрүп бергем.  Баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз бербейин деп, сурактарга 15 мүнөт эрте келип, күтүп турчумун.

Башында - өлкөдөн сыртка чыкпоого милдеттендирилгем. Мен бул жерде, жарандардын көзүнчө ар дайым этият сүйлөчүмүн. Бирок, азыр эч ким деле жок болгондуктан, урматтуу сот, Сизге кайрылам – Сиз муну мени Кыргызстандан качып кетсин, иликтөө иштери жеңил болсун деп атайын кылдыңыз. Бирок, мен эч качан качпайм, анткени, мен өлкөм үчүн жан-дилим менен кызмат кылгам, анын улуттук кызыкчылыктарын коргогом. Мындан ары да шонумдан жазбайм. Ал эми, бул саясий оюнду уюштуруп жаткан адамдар эч качан жакшылыкка алып келбейт.  Сиз буга ишениңиз. Менин айтаарым, бул процесстердин баарынын артында, сиз аны жакшы билесиз, Президенттин Аппараты турат, алар Сиздин бул жердеги ар бир дем алганыңызды, ар бир айткан сөзүңүздү карап турат. 

Ошон үчүн менин айтып кетерим, бул иштин артында Сооронбай Жээнбеков турат, ал менин процессимди жеке көзөмөлүнө алган. Ага айта баргыла, ал менин өз өлкөм үчүн таза иштегенимди сонун билет. Ал мени 30 жылдан бери тааныйт, менин атамды да жакшы таанычу. Менин дарегиме коррупцияга байланышкан айыптоолорду айтканга мен эч качан негиз берген эмесмин.  

Мени менен кайда гана болбосун, чогуу иштегендер – Тышкы иштер министрлигинде болобу, президент Аппаратында, Өкмөттө болобу,  алдымда турган ар бир ишке принципиалдуу мамиле кылганымды билишет. Мен кандай болгон күндө дагы Кудай бар экенине жана акыйкаттык орнооруна ишенем.

Катуу өкүнгөнүм, мен президент Аппаратында жана өкмөт башчы болуп иштеп жүргөн кезимде УКМКнын дубалдарында жана сотто эмне иштер болуп жатканын көрбөптүрмүн. УКМКда отуруп, бизде көйгөй көп экенин көрүп жатам. Мына бүгүн мен саясий куугунтукка алынганы айдан ачык көрүнүп турган адаммын».