11.05.2018 14:00

Сапар Исаков: “Кечээки ЖКтеги талкуу элдин башын айлантып, чыныгы күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликтен куткарып кетүү аракетин көздөйт”

Сапар Исаков:  “Кечээки ЖКтеги талкуу элдин башын айлантып, чыныгы күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликтен куткарып кетүү аракетин көздөйт”

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБдеги авариянын себептерин  иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы боюнча өткөн талкууну: “Айрым  саясатчылардын элдин башын айлантып, чыныгы күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликтен куткарып кетүү аракетин көздөгөн талкуу”,  деп баалады.  

Исаковдун пикиринде, депутаттык комиссия иштин башында эле башка багыт менен кеткен. “Бирок, Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында да  тажрыйбалуу жана татыктуу саясатчылар абдан көп. Кандай болгон күндө да, чындык менен бейтараптуулук жеңет деген үмүт турат “, - дейт мурунку өкмөт башчы.  

"ЖЭБде январь айында болгон авария боюнча ишкананын ошол кездеги директорунан баштап, ошол мезгил аралыгында өкмөт башчы болуп тургандар, алардын катарында Сапар Исаков менен Сооронбай Жээнбеков дагы жооп бериши керек.  Бул жерде  жөнөкөй адистерди, цех жетекчилерин аралаштыруунун кажети жок", -деп билдирди.  

Мурунку өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду кышында атайын калкалап, жоопкерчиликти өзүнө алгандыгын белгилейт.

"Кышында бишкектиктер тоңгондо, кышка даярдык көргөн адамдар үн каткан жок. Менин өкмөтүм күзүндө келди. Бирок, ага карабай мен саясий жоопкерчиликти өз мойнума алдым. Эми аны алсыздык катары кабыл алып жатышат", -деди Исаков.

"Ошончо комиссия түзүп, ишти иликтеп жаткан соң, депутаттар эмнеге Сооронбай Жээнбековдун убагында ЖЭБди оңдоого кеткен жүз миллиондогон сомго эски жабдуулар оңдолбой калып, акыр аягында ошолор аварияга алып келгенин изилдеп чыгышкан жок? Эмнеге? Кечээ депутаттар калкка бул тууралуу конкреттүү түшүндүрмө  бере алышкан жок",- деди ал.

"ЖЭБдин мурунку башчысы Нурлан Өмүркул уулунун Кожобек Рыспаев менен байланышы барын айтып жүрүшөт. Балким, ошон үчүн аны жоопко тартуунун ордуна кадырлап, башкы трибунаны берип, эксперт катары сүйлөтүп атышабы? Тиешең барбы, жоопкерчиликтен качпа, жооп бер.

Депутаттык комиссия  жооптуу адамдардын тизмесин толукташы керек. Калыс болобуз дешсе, келишимге кол койгондордун баарын сурашсын.  Ратификацияны  дароо 3 окууда  кабыл алгандарды дагы. Ким ЖЭБдеги модернизация иштери бүткөндө кылдат текшербей туруп кабыл алды, аны да кошушсун. Президент өзү айткандай, мындай иште бир тууганды да, досуңду да карабай, калыс мамиле кылуу керек", - деп кошумчалады мурунку өкмөт башчы.