26.03.2018 15:55

Сапар Исаков республикалык олимпиада жеңүүчүлөрүн сыйлады

Сапар Исаков республикалык олимпиада жеңүүчүлөрүн сыйлады

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 26-мартта, мектеп окуучулардын республикалык олимпиадасындагы жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Өкмөт башчы өз сөзүндө келечекти тандоодо аңдап-билүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле ата-энелер, мугалимдер, мектеп эле эмес, бүтүндөй мамлекеттин алдындагы чоң жоопкерчиликти эске салды.

«Бүгүн сиздердин жашооңуздагы эң толкундануучу күндөрдүн бири. Бул жерге мектеп окуучуларынын  эң кыйындары келди. Мен сиздерден келечекте өзүн көрсөтө алган балдарды көрүп жатам. Балким араңарда келечектеги президент, премьер-министр, ишкерлер, жана ошондой эле, инновациялар боюнча адистер бар, анткени биз коомчулукту заманбап коммуникация каражаттары жана санариптик технологиялардын негизинде өнүктүрүүгө ниеттенип жатабыз», - деди Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков өзүнө ишенип, алдыга коюлган максаттарга умтулуш керектигин айтты.

«Бир нерсени унутпагыла - акчадан же бийликтен эч качан атыңды жасоого мүмкүн эмес. Адамдын жакшы аты сиздердин башкаларга, досторуңарга жана кесиптештериңерге болгон мамиледен, жасаган иштериңерге жараша калыптанат. Жакшы атты чыгаруу абдан кыйын. Күчтүү адам кандай гана кырдаал  болбосун өзгөрүлбөгөн бойдон калат», - деди ал.

Сапар Исаков ошондой эле мугалимдерге жаңы муунду тарбиялоодогу күч аракеттери үчүн  ыраазычылык билдирди.

«Биздин мугалимдер жашоодогу кыйынчылыктарга карабай өлкөнүн келечегине салым кошуусун улантып жатышат. Бизге мугалимдердин эмгек акысын 25 пайызга көбөйтүүгө мүмкүн болду жана бул башталышы гана. Жарандардын билимдүүлүгү - мамлекетти өнүктүрүү үчүн эң керектүү пайдубалы.

Андыктан, сабак берүүнүн заманбап методикасын колдонуу менен республикабызда билим берүү тармагынын өнүктүрүүнүн таасирдүү принциптери колдонулушу абдан маанилүү», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Салтанаттын жыйынтыгында республикалык олимпиадада жеңүүчү орун алган 70 мектеп окуучусуна диплом жана китептерди сатып алууга сертификаттар берилди.