16.09.2019 10:09

Сапар Исаков сотко катыша албайт. Жактоочулары соттук отурумду токтото турууну суранышты

Сапар Исаков сотко катыша албайт. Жактоочулары соттук отурумду токтото турууну суранышты

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочулары Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча ачылган кылмыш иши боюнча соттук териштирүүнү токтотууну өтүнүшөт.  Бул тууралуу Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Адвокаттын айтымында, Сапар Исаковдун абалы оңоло элек, мындан улам соттук териштирүүлөргө катыша албайт. Ага дарыланып алыш үчүн бир жумалык тыныгуу керектелүүдө. Мындан тышкары дагы бир айыпталуучу, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугу начарлап кетти.

Сапар Исаков 16-августта ооруканага «омуртка артериясынын синдрому» деген диагноз менен жатып дарыланган. Абалы жакшыра элегине карабастан, 28-август күнү кайра тергөө изоляторуна алып кетишип, ошол эле күнү сотко катыштырууга алып барышкан.  

Эскерте кетсек, Исаков өткөн жылдын 5-июнунан бери УКМКнын Тергөө абагында Бишкек ЖЭБ чуусуна байланыштуу кармалып келет.