22.05.2019 17:52

Сапар Исаков: Жабырлануучу бир нече жолу жалган айтты

Сапар Исаков: Жабырлануучу бир нече жолу жалган айтты

Бүгүн, 22-майда Свердлов  райсотунда ЖЭБ жаңыланышы боюнча соттук отурум жүрүп жатат. Отурумда «Электр станциялары» ААК өкүлү Урматбек Камбаров жабырлануучу катары суралууда.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков сотко «Электр станциялары» ААК өкүлү  жалган айтып жатканына  көңүл бөлүүгө чакырды.  «Менимче, ал атайын кылган жок, анткени, жаман болуп кетти. Бирок, биз соттун протоколун колубузга алгандан кийин, мен сизге ал кайсы жерлерде жалган сүйлөгөнүн айтып берем», - деди ал.

Андан сырткары, Исаков жабырлануучу тарап өз чегинен чыгып, мамлекеттик органдар үчүн жооп берип баштаганын кошумчалады. «Жабырлануучу «Электр станциялары» ААК атынан чыгып жатат, бирок ошол эле учурда бүтүндөй мамлекет үчүн жооп берүүдө», - деди мурунку өкмөт башчы.

Ошондой эле,  Исаков жабырлануучунун жактоочулар менен айыпталуучулардын суроолоруна жооп бере албай жатканын – айыпталуучуларга карата  шылдың катары кабыл алаарын белгиледи.