11.04.2018 13:15
Сапар Исаков Өзгөндөгү абалды жеке көзөмөлгө алууну ӨКМ башчысына тапшырды
Өзгөн районунда Кара-Дарыя дайрасынын ташкындоосунан улам 200 гектарга жакын айдоо аянты суу астында калып, 50дөн ашуун турак-жай чөгүп кетүү коркунучунда турат. Бул туурасында ӨКМ министри Кубатбек Боронов билдирди.
Өкмөт башчы Сапар Исаков Кубатбек Бороновго абал менен жеринде таанышып, турак-жайларды сактап калуу иштерин жеке көзөмөлгө алуусун тапшырды.
Ошондой эле, министрлик өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн тыкыр талдоолорду үзгүлтүксүз негизде жүргүзүп туруусу зарыл экенин кошумчалады.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: