30.11.2018 21:44

Сапар Исаковду камакта кармоо мөөнөтү узартылды

Сапар Исаковду камакта кармоо мөөнөтү узартылды

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 5-январга чейин камакта калтырылды. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы билдирди.

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Исаковду камакта кармап туруу мөөнөтүн жылдыруу боюнча УКМК тергөөчүлөрүнүн арызы каралып, сот аны канааттандырды.

Эскерте кетсек, 2018-жылы 29-майда Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБин жаңылоо  боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында «Жемкорлук»  беренеси менен айып тагылган.  5-июнда Биринчи Май райондук сотутергөө аяктагыча УКМКнын тергөө абагында кармап туруу чечимин чыгарган.  

Ага  «2013-жылы президент аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо»  долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», деген айып тагылууда.