28.08.2019 11:02

Сапар Исаковду УКМКнын Тергөө абагына которуп коюшту, абалы оор бойдон калууда

Сапар Исаковду УКМКнын Тергөө абагына которуп коюшту, абалы оор бойдон калууда

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун абалы оор бойдон калууда, буга карабай аны УКМКнын Тергөө абагына которуп коюшту. Бул маалыматты April.kg порталына жактоочусу Нурбек Токтакунов тастыктады.

Юристтин айтымында, Исаков бүгүн, 28-августта эртең менен которулду. Мунун баары соттук процессти тездетип, айыптоочу өкүм чыгаруу үчүн жасалууда.   

«Сапар Исаков чынында абдан ооруп жатат. Ал жадагалса, араң отура алат, такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп туруусу зарыл. Бирок Жазык-процессуалдык кодекстин ченемдерин дагы, жөн гана адамгерчилик дегенди да унутуп, аны Тергөө абагына которуп коюшту. Дарыгерлердин кечээ өткөн консилиуму анын абалы тууралуу жана мындан ары кандай дарылаш керектиги тууралуу бир пикирге келе алышкан эмес», — дейт нааразы Нурбек Токтакунов.