07.06.2019 08:00

Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтү эки айга узартылды

Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтү эки айга узартылды

Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев жана Салайдин Авазовдор 12-августка чейин камакта калышты. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чыгарды.

Кечээ, 6-июнда аталган сотто Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча соттук отурум өттү. Анда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун, мурдагы энергетика министри жана экс-депутат Осмонбек Артыкбаевдин жана «Электр станциялар» ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазовдун адвокаттары баш коргоо чараларын өзгөртүүнү өтүнүштү.

«Соттолуучулардын камакта отурганына бир жылдан ашты. Бул мыйзамга каршы келет жана алардын укугун бузат. Буга байланыштуу Конституциялык палатага тиешелүү арыз менен кайрылса болот. Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, бул арыз каралып жатканда кылмыш иши убактылуу токтотулуп, камактагы кылмышка шектүүлөр үй камагына чыгарылат же аларга эч жакка чыкпоо боюнча баш коргоо чарасы каралат», - дешти адвокаттар.

Сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок. Соттолуучулар 12-августка чейин камакта кала турган болушту.