29.07.2019 13:43

Сапар Исаковдун премьер-министрлиги эмне менен эсте калды?

Сапар Исаковдун премьер-министрлиги эмне менен эсте калды?

Сапар Исаков бүгүн 42 жашка чыкты. Мурдагы премьер-министр быйыл дагы туулган күнүн үй-бүлөсү менен тосо албады - ал бир жылдан ашык Бишкек ЖЭБ чуусу боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайында күн өткөрүүдө.

Исаковдун туулган күнүндө премьер-министрлик кызматындагы ишмердигине көз чаптырсак. Исаков башка өкмөт башчыларына караганда эл үчүн чоң иштерди жасаганга жетишти дешет көз карандысыз саясат таануучулар. Элдин эсинде сынга да сунушка да ачык жигердүү чиновник катары калды.