29.07.2019 17:55

Кочкордогу митинг: Жээнбеков Сапар Исаковго карата мыйзамсыз саясый куугунтугун токтотсун!

Кочкордогу митинг: Жээнбеков Сапар Исаковго карата мыйзамсыз саясый куугунтугун токтотсун!

Бүгүн, 29-июлда Нарын облусунун Кочкор районунда мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду колдогон «Ак ийилет, бирок сынбайт» тынч митинги болуп өттү. Аны Сапар Исаковду колдоо жана коргоо штабы туулган күнүнө карата уюштурган. 

Митинг катышуучулары Сапар Исаков өзүнүн болгон күч-кайратын элдин жыргалчылыгына кызмат кылууга арнаган Кыргызстандын патриотторунун бири экенин белгилешет. 

«2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо Кочкор районунун шайлоочуларынын 73% Сооронбай Жээнбеков жана Сапар Исаков тандемине добушун берген эле. Эл шайлоо өтөөрү менен бул тандем саткынчылык менен бузулганына бүгүн кыжырданып турат.   

Сапар Исаковду саясый жактан куугунтуктоо биздин мамлекет үчүн мыйзамсыз жана шермендечилик. Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев жана Сапар Исаковдун колдоосунда президент болуп шайланган. Бирок алардын экөөнөн тең Сапар Исаков Райым –миллионду бажыдан бошоткону үчүн өч ала баштады.

Сотко катышып жаткан Кыргызстандын жарандары Сапар Исаковдун дарегине айтылып жаткан бардык айыптоолор ойдон чыгарылганын көрүп турат. Жээнбеков жана анын прокурорлору Сапар Исаковдун эч кандай пара албаганын өзүлөрү моюнга алышкан. Алар Сапар Исаковдун жана башка камалган адистердин күнөөсүн эч бир далилдей албай жатышат. Тескерисинче, бардык күбөлөр Сапар Исаков жана анын кесиптештери болгон күч-кайратын Кыргызстанда энергетикалык көз карандылыктын болуусуна арнашканын айтып жатышат. Алар Кыргызстандын тарыхын даңктоо үчүн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн жан үрөшкөн. Алар мыйзамдарды бузган эмес жана Кыргызстанга пайдасы тие турган чоң иштерди жасашкан.

Соттук териштирүүнүн жүрүшү кылмыш иштеринин ойдон чыгарылганын жана калыс соттук териштирүү болсо алардын бат эле ойрону чыгаарын көрсөтүүдө. Ошого карабай аталган соттук процесстин катышуучулары Сапар Исаков жана башкалар бир жылдан ашуун мөөнөттөн бери мыйзамсыз камакта отурушат», -деп айтылат акциянын жыйынтыгы менен кабыл алынган резолюцияда. 

Иш-чаранын жыйынтыгы менен бийликке төмөнкү талаптар коюлду: 

1.  Президент Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковду мыйзамсыз саясый куугунтуктоону токтотушу керек.
2. Президент Сооронбай Жээнбеков сотко жана укук коргоо органдарына кысым көрсөтүүнү токтотууга тийиш.

Соттор калыс жана кызыкдар эмес болууга тийиш. Бирок Кыргызстандын эли адилеттүүлүккө качан Ак үй жана ага баш ийген соттор мыйзам бузууну токтоткондо, анын ичинде Сапар Исаковду жана анын кылмыш иши боюнча башка соттолуучуларды СИЗОдо кармап турууну (бир жылдан ашуун) жокко чыгарганда гана ишенет. Алардын эч кимиси коомго коркунуч келтирбейт жана мыйзам аларга карата бөгөт чарасын өзгөртүүнү талап кылат.

Эгерде биздин талаптарыбыз бир айдын ичинде аткарылбаса, биз 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго берген добушубузду кайра чакырып ала турганыбызды жана президентти мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү жөнүндөгү талапка кошула турганыбызды билдиребиз.