14.05.2018 13:40
Сапар Исаковдун сурагы түштөн кийин кайра уланат
Сапар Исаков бул жолу Улуттук коопсуздук комитетинде 3 сааттан ашыгыраак убакыт кармалды. Мурунку өкмөт башчы бүгүн 10:00дөн бир аз өтүп, суракка кирген болчу. Бул туурасында April.kg порталына өз кабарчысы билдирди.
Исаков кабарчыларга саат 14:30га кайра УКМКга келе турганын билдирди. Ал эми, сурак тууралуу кенен айтып берүүдөн карманды.
"Тергөө так өттү, бир-эки учурду тактап жатышат. Баары акыйкат чечим чыгарыш керек. Саат 14:30 кайра суракка келишим керек экен", - деди Сапар Исаков.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: