03.04.2019 12:12

Сапар Исаковдун тарапташтары: ЖЭБ боюнча ачылган кылмыш ишине Жогорку Кеңештин депутаттары да тартылышы керек

Сапар Исаковдун тарапташтары: ЖЭБ боюнча ачылган кылмыш ишине Жогорку Кеңештин депутаттары да тартылышы керек

ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча макулдашууну ратификациялаган Жогорку Кеңештин депутаттары да жоопко тартылышы керек, деп билдиришти мурунку премьер-министр, КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары Сапар Исаковдун тарапташтары. 

Алардын айтымында, Кыргызстан эли парламенттин депутаттарын элдин кызыкчылыгын коргошу үчүн шайлаган. Алар тигил же бул бир келишимдин өлкөгө пайдалуулугун жана алардын аткарылышын көзөмөлдөшү керек эле. 

«Ошол кезде Асылбек Жээнбеков башкарып турган парламент өзү ЖЭБ боюнча келишимди ратификациялаган, эми бардык күнөөнү Сапар Исаковго оодарып жатат. Эгер акыйкаттык тууралуу айта турган болсок, ЖЭБ үчүн жоопкерчиликти Сапар Исаков эле эмес, ошол кезде спикер болуп турган Асылбек Жээнбеков, модернизациялоо  жана жаңылоону жыйынтыктоо учурунда өкмөт башчы болуп турган Сооронбай Жээнбеков да тартышы керек», -дешет Сапар Исаковдун тарапташтары.

Алар учурда ишке ашырылып жаткан ийгиликтүү долбоорлорду, бир кезде Исаков баштаганын эстетишти. «Азыркы "Таза коом", "Коопсуз шаар" долбоорлорун ишке ашыруу дал Исаковдун тушунда башталган», - дешет мурунку өкмөт башчынын тарапташтары.