27.02.2019 13:34

Сапар Исаковдун тарапташтары ЖЭБ боюнча ишти саясий куугунтук катары баалашат

Сапар Исаковдун тарапташтары ЖЭБ боюнча ишти саясий куугунтук катары баалашат

ЖЭБди жаңылоо иши боюнча сотту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасын саясий куугунтукка алуу катары гана баалоого болот, деп билдиришти бүгүн мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун тарапташтары. 

«Азыр саясий оюндар жүрүп жатканы баарына түшүнүктүү болуп турат. Болбосо, тергөө эмнеге эски блоктогу аварияны эмес, жаңыланган ЖЭБ ишин иликтөөдө. Дал ушул жаңыланган бөлүгү ошондо сактап калды эле го. Сапар Исаковду кат жазганы үчүн гана соттоп жатышат, ал катта ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын коргоп жатканы туурасында эч сөз жок. ЖЭБди куруу иши Сапар Исаковдун катынын негизинде гана жүргөн жок да, ал жакта ТЭО, техкөзөмөл, кол коюлган баардык тиешелүү документтер болушу керек. Эмне үчүн башка документтерге кол койгондорду жоопко тартышкан жок?», - деп сурашат алар. 

Ошондой эле,  Исаковдун тарапташтары бул иште Жогорку Кеңештин депутаттарынын жоопкерчилиги каралбай жатканына нааразы.  «Өз кезегинде 120 жаңылоо тууралуу ратификацияны колдошкон. Эмне үчүн ошондо алар бул келишим канчалык пайдалуу экенин текшерип чыгышкан жок?  Сапар Исаков – келечектүү жаш кадр. Ал жаңы гана карьерасын баштап жатканда, саясий оюндардын курмандыгы болуп жатат. Мамлекеттин келечеги үчүн иштеген жаш кадрларды колдоонун ордуна куугунтукка алып жатышат. Бул туура эмес», - деп кошумчалаган жарандар соттун чынчылдыгына жана акыйкат чечимине ишеним артаарын билдиришти.