06.06.2019 17:55

Сапар Исаковдун жактоочусу аны тергөө изоляторунан чыгаруу өтүнүчүн жолдоду

Сапар Исаковдун жактоочусу аны тергөө изоляторунан чыгаруу өтүнүчүн жолдоду

Бүгүн, 6-июнда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган кылмыш иштин соттук отуруму өтүп жатат. Соттук отурумдун жүрүшүндө жактоочу Нурбек Токтакунов Сапар Исаковду камактан чыгарууну өтүндү.

«Сапар Исаковдун камалып турганына бир жылдан ашты. Мыйзам боюнча, тергөө изоляторунда бир жылдан ашык кармалгандардын камакта калуу мөөнөтүн саналуу гана учурларда узартууга мүмкүн. Сот бүгүн ошол беренени колдонуп кармалуу мөөнөтүн узартуу, же камактан бошотуу чечимин кабыл алышы керек», - деп түшүндүрдү ал. 

Соттук отурумга төрагалык кылып жаткан Инара Гилязетдинова кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кетти.