10.04.2019 14:01

Сапар Исаковдун жактоочусу айрым жагдайлар боюнча далилдерди талап кылды

  ЖЭБ чуусу (4 материала)
Сапар Исаковдун жактоочусу айрым жагдайлар боюнча далилдерди талап кылды

Бүгүн, 10-апрелде Свердлов райондук сотунда ЖЭБ иши боюнча экинчи соттук отурум өтүп жатат. Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев соттук процесстин жүрүшү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, соттук отурум айыпталуучулардын адвокаттарынын өтүнүчтөрү менен башталды.

«Жактоочулардын бири айыпталуучуларды отурумдун жүрушүндо тордон чыгарып коюуну өтүндү. Бирок, сот муну канааттандырган жок. Муну төрага ишти кароонун бул этабында мындай маселелер каралбай тургандыгы менен түшүндүрдү. Андан сырткары, мен өзүм айрым жагдайлар боюнча далилдерди көрсөтүүнү талап кылдым. Алар айыпталуучуларды айрым далилдери жок эле күнөөлөп жатышат. Ошондуктан,  биз аларды президент аппаратынан жана өкмөттүн архивинен алдырууну сурандык. Сот эки өтүнүчтү тең канааттандырды», - деди ал. 

Андан сырткары, бүгүнкү отурумда эки айыпталуучуга – Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевге айыптары угузулду. Калган айыпталуучулардын айыптары бүгүн саат 14:00дө угузулат. 

Ошондой эле, Жоошев коргоочу тарап эл аралык экспертиза өткөрүү суроосун көтөрүп чыгышаарын белгиледи.  

«Биз мурда да эл аралык аудит өткөрүүнү суранганбыз. Бирок, өтүнүчүбүз канааттандырылган эмес. Келечекте биз бул маселени кайра көтөрүп чыгабыз», - деп билдирди жактоочу.