27.02.2019 10:55

Сапар Исаковдун жактоочусу : Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча соттук отурум ачык өтүшү керек

Сапар Исаковдун жактоочусу : Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча соттук отурум ачык өтүшү керек

Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча соттук отурум ачык өтүшү керек. Бул туурасында бүгүн КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди. 

Анын айтымында, Жазык-процесстик кодекске ылайык жабык өтүп жаткан алдын-ала угуу бүткөндөн кийин ЖЭБди жаңылоо иши боюнча соттук процесс ачык өтүшү зарыл. «Ал жакка баардык каалоочуларды, анын ичинде ЖМКларды дагы киргизиши керек», - деп билдирди адвокат.

Анын алдын-ала угуунун жүрүшүндө жактоочулар туура эмес деп эсептеген айрым далилдерди алып салуу өтүнүчү каралат.  «Ошондой эле мамлекеттик органдардан кандайдыр-бир далилдерди сот аркылуу талап кылдыруу маселеси каралат», - деди Замир Жоошев.  

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-февралда саат 9:30да Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодо «коррупция» беренеси менен айыпталган Сапар Исаков жана 7 аткаминердин иши боюнча соттук уктуруу башталды.