12.09.2018 17:26

«Сапат» окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү кимдер?

Кыргызстандын гана эмес, эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, алтын сертификаттын ээлери – «Сапат», же кулакка көнүмдүү аталышы - «Себат» мектептеринин окуучулары болуп саналат. Аталган билим берүү жайынын бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү ийгиликке жетишкен, белгилүү инсандар. Алсак, өкмөттүн басма-сөз бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов, бир нече кийим-сатуучу фирмалардын ээси Семетей Өмүргазы уулу, белгилүү алып баруучулар Кубат Кубанычбеков жана Санжар Мыкыев, "«Салам Нью-Йорк», «Апамды издеп» тасмаларынын продюсери Нурбек Айбашовду атасак болот. Кыргыз-түрк лицейинде билим алып, тарбияланган белгилүү жигиттер тууралуу кийинки материалда.