26.06.2018 14:53

Сатып берем деген шылтоо менен унааны айдап жоголгон кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Сатып берем деген шылтоо менен унааны айдап жоголгон кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Сатууга жардамдашам деген шылтоо менен Бишкек шаарынын тургунунун унаасын айдап кетип, жоголгон жаран колго түштү. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББдан билдиришти.

2018-жылдын апрелинде ички иштер органдарына шаар тургуну кайрылып, криминалдык топтордун  мыйзамсыз иштери  тууралуу билдирген.  Маалыматка караганда, 2017-жылдын апрель айында Самаган аттуу чала тааныш жигит сатууга көмөктөшөм деп, наркы 4100 доллар турган БМВ Х-5 унаасына ээлик кылып алган. Мындан соң, белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Бул факт Свердлов райондук ИИБнын кылмыштарды каттоо китебине киргизилип, 16-берене менен (алдамчылык) кылмыш-иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү 1985-жылы Талас шаарында туулуп, учурда Бишкек шаарында жашаган жаранды кармашты. 

Ал буга чейин 170-берене (опузалап акча алуу) менен соттолгону, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы белгилүү болду. 

Кармалган жаран Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу тергөө изоляторуна киргизилди. Анын башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилүүдө.