06.03.2018 13:15

Сауд Аравия фонду Кыргызстандагы билим берүүгө 100 миң доллар бөлөт

  Коом (6 материалов)

Бүгүн, 6-мартта, Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы Толук  ыйгарым укуктуу  элчиси Абдулатиф Жумабаев Ислам тилектештиги фондусунун (ИТФ)  аткаруучу директору Ибрахим  бин Абдалла Аль-Хузейми менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен аталган фонддун билим берүү жаатында кызматташуусунун өнүгүшүнүн келечеги, анын ичинде КРдагы билим берүүчү долбоорлорду колдоо максатында гранттарды бөлүү маселесин талкуулашты.

«Аль-Хузейми бул жылы фонддун жетекчилиги кыргыз тарапка 100 миң доллар өлчөмүндө грант бөлүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Жумабаев маектешин сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтчү Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына катышууга чакырды”, - деп айтылат маалыматта.