20.06.2018 12:26

Бишкек ЖЭБ (ТЭЦ) чуусу: кимдер камакта?

Экс-премьер-министр кечээ Темир Сариев кайрадан УКМКга чакырылды. Бир жарым сааттык сурактан соң мурдагы өкмөт башчы тактоочу гана суроолор берилгенин айтты. Атайын кызматты Сариев экономика министри болгон маалдагы Кытайдын Эксимбанк менен түзүлгөн келишимдин жүрүшү кызыктырган.

Ал эми эки күн мурун ушул эле ЖЭБ чуусу боюнча мурунку өкмөт башчылардын дагы бири камакка алынды. Жантөрө Сатыбалдиевге каршы "кылмышка шериктеш болуу" жана "коррупция" беренелери менен иш ачылды. 

April.kg кабарчылары Бишкек жылуулук борбору боюнча дагы кимдер кармалганын эске салышат.