Сауд Аравия Кыргызстанга этти экспорттоо багытында 3 млн 797 миӊ доллар гранттык каражат бөлөт
Сауд Аравия Королдугу Кыргызстанга 3 млн 797 миӊ доллар өлчөмдөгү грант бөлүп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Бөлүнгөн каражат төмөндөгү долбоорлорго жумшалат:
- «Кара-Кулжа айылында жана Түп айылында үй-бүлөлүк медициналык борборлорду жабдыктар менен жабдууга», «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдыктар менен жабдылоого» 1 млн 245,2 миӊ доллар суммада;
- «Кыргыз Республикасынан Сауд Аравия Королдугуна этти экспорттоо үчүн Чүй областына карантиндик зона курууга» 960 миӊ доллар суммада;
- «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылоого» 1 млн 440 миӊ доллар суммада.
- «Гранттык макулдашуунун алкагында, жогорудагы үч долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтар» 151,8 миӊ доллар суммада.
Кыргызстандын аймагына (карантиндик зона) заманбап соода- логистикалык борборун куруу Сауд Аравия Королдугуна жана дагы башка мамлекеттерге айыл чарба жаныбарларын жана жаныбарлардан алынган продукцияларды экспорттоого мүмкүндүк берет.
Тармактык комитет келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: