14.11.2019 15:50

Саймаити Айеркендин өлүмүнө шектелип кармалгандар кыргыз жарандары эмес

Саймаити Айеркендин өлүмүнө шектелип кармалгандар кыргыз жарандары эмес

Мамлекеттик каттоо кызматы Саймаити Айеркендин өлүмүнө шектүү деп кармалган адамдардын жарандыгы тууралуу билдирүү таратты.

Маалыматта Хусейн Ахметалиев менен Абдулла Энверге КР улуттук паспорттору берилбегени айтылат.

«Кытай жараны Саймаити Айеркендин өлүмүнө шектүү деп кармалган Хусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү маалымат базасына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары эмес жана Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун бирдиктүү реестрине ылайык, аталган жарандар Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтеширилген эмес», -деп жазылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, 10-ноябрда кечке жуук, Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен кытайлык ишкер Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен.  Саймаити алган жаракаттарынан улам, ооруканада каза тапкан.

Көпчүлүктүн көңүлүн кылмыш болгон жерде жол боюнда токтотулган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 номерлүү унаа бурган. Айрым маалыматтарда бул унаа Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковго таандык экени айтылган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дээрлик эки күн бул билдирүүлөргө жооп берген эмес. 

12-ноябрь күнү Кыргызстандык Стамбулдагы консулу Эркин Сопоков президенттин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.  Ага удаа ТИМ кылмыш болгон жерде табылган унаа чынында эле Сопоковго таандык экенин, номер консулдукка тиешелүү болгонун моюндаган.  Бирок Эркин Сопоков өзүнүн машинасы кандайча ал жерге барып калганын түшүндүрө албаганын кошумчалаган. Түркиялык ЖМКлар ишкердин өлүмүнө шектүүлөр кармалганын, алардын экөө кыргыз жараны экенин жазып чыгышкан.  

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.