15.10.2018 17:46
Сегизинчи класстын окуучусу сабалган №47 орто мектептин директору иштен айдалды
Сегизинчи класстын окуучусу сабалган №47 орто мектептин директору Салтанат Курманалиева иштен айдалды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
«Бир катар аткаминерлерге катуу чара көрүлөт: мектеп директору менен жашы жете электер иштери боюнча инспектор иштен бошотулду, ал эми, вице-мэр А.Куламбаевага, билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрмановага катуу сөгүш жарыяланат»,-деп билдирет маалымат кызмат.
Эскерте кетсек, 12-октябрда Бишкектеги №47 орто мектепте 9-класстын эки окуучусу 8-класста окуган баланы сабап салышкан. Баланын тиштери сынып, оозу жарылып, баш мээси чайкалып, ооруканага түшкөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: