05.11.2019 17:27

Сеид Атамбаев: Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба!

Сеид Атамбаев: Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба!

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин улуу баласы Сеид Атамбаев бийликке кайрылуу жасады.

Толук текстти беребиз:

«Мен бүгүнкү бийликтин биздин үй-бүлөгө карата жасап жаткан зөөкүр мамилесин жазаардан мурда, бала чагымда күбө болгон бир окуяны кыскача баяндап берейин: Тээ бала кезде Люда деген кошунабыздын үйүнөн өрт чыгат. Өзү да, жолдошу да жумушта болгон. Үйдө балдары ойноп жатышып, кокусунан бирөөсү ширеңке чагып жиберип, үй күйүп баштайт. Өрттү апам көрүп калып, чуркап жөнөйт. Барса улуу баласы эшигин ачалбай ыйлап жатыптыр. Апам эптеп үйдү ачып кирип балдарды сактап калат. Аңгыча кошуналар келип, баары жардам беришет. Люда эже жолдошу экөө келип, балдарынын аман калганына кубанышат. Апам аларды үйгө алып келип, балдарына биздин кийимдерден кийгизип, биз менен үйдө калуусун айтат. Ошондо Люда эже апама ыраазы болуп, короосунда жүргөн эки козунун бирөөсүн берет. Бирок, апам андан баш тартып, «Бүлүнгөндөн бүлдүргү албайт», эң негизгиси балдардын башы аман» деген. Көрдүңөрбү, «Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба» деген сөздүн өзү өтө терең мааниге ээ! Тилекке каршы ушул сыяктуу кыргыздын баалуу сөздөрүн унутуп, маанисин билбей калышты.

Эч качан кыргыздар жамандык болгон жерде, кырсыкта, жетимдерден, кыйынчылыкта кошунасынан болобу, чоочун кишиден болобу мүлк алган эмес! Ооба, учурда биздин үй бүлөнүн мал-мүлкү бүлүнүп турат. Атабыз камалып, тарапташтары камалып, суралып, кырсык басып турат. Бирок «өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып», мал-мүлкүбүздүн баарын тартып алып, камакка алып жатышат.

Урматтуу бир туугандар! Бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары! Эч убакта бүлүнгөндөн бүлдүргү албагыла! Азыр атабызды камадыңар, аны колдогон тарапташтарын да камадыңар! Калгандарын суракка чакырып, куугунтук токтобой жатат! Эмнеге?! Бизде эмне өчүңөр бар?! Ачыгын айткылачы! Мына мен Алмазбек Атамбаевдин эң улуу баласы Сеидмин! Атамбаевдерге болгон өчүңөр эмнеде? Бетиме айткылачы! Мыйзамсыз жасаган иштериңер чектен чыгып кетти! Ар нерсенин чеги болуш керек да! Же силер Кудайдан коркпойсуңарбы?! Жаракат алган айылдаштарымды сурактан-суракка чакырып, үй-бүлөсүнө тынчтык бербей, коркутуп-үркүтүп жатасыңар! Бул кылганыңар эч качан жакшылыкка алып келбейт! Арты жаман болуп бүтөт! Этегиңерди көтөрүп, эсиңерге келгиле! Илгери Манастын уулу Семетейди Абыке менен Көбөштөр качырышкан Бухарага. Эми Атамбаевдин тукумун жок кылгыңар келип жатабы?!

Атамбаевдин бир баласы же тууганы кызматта иштеген эмес! Атам президент болуп турганда бизди эл да таанычу эмес! Силер бийликке келээриңер менен тууган-туушканыңар, куда-сөөгүңөр менен, эл бир күндө тааныды. Силер азыр Атамбаевдин балдарын, тарапташтарын, партиялаштарын, жердештерин репрессияңар менен баатыр кылып жатасыңар.

Кечээ бир гезитке белгилүү политолог, эксперт Марс Сариев деген байке жазыптыр, «Атамбаев өзүнүн электоратын жоготуп жатат» деп. Мен айтат элем, атабыздын электораты, партиялаштары, жөнөкөй колдоочулары, жердештери, ага-тууганы бар. Бирок аларды ИИМ менен УКМК суракка чакырып, артынан аңдып, коркутуп-үркүтүп тынчтык бербей жатышат! Кадимки 1937-жылда жашап калдык. Кемпир-чал, жаш балдардан бери коркутуп-үркүтүп жатасыңар! Атамбаевдерге тиешелүү болгон мал-мүлк, үй-жайдын баарын, керек болсо өлүп калган чоң атамдын үйүнөн бери камакка алдыңар! Бул эмне деген шумдук?! Бизди көчөдө кайыр сурап калышыбызды каалап жатасыңарбы?! Андай эч качан болбойт! Тилегиңерди таш кабат!

Атамдын СДПК партиясын тартып алдыңар, партиялаштардын баарын коркутуп-үркүтүп чачыраттыңар! Дагы силерге эмне керек?! Ошол партиянын арты менен адам болуп, депутат, спикер, президент болдуңар, башка эмне жамандык көрдүңөр?! Силер бүгүнкү күндө ар бир кадам сайын мыйзамды бузуп жатасыңар!

Өткөн жумада мага бир тергөөчү чалат, келип кетиңиз деп. Барсам, очный ставкага чакырышыптыр. Анан Аскер прокуратурага чакырып, мени бир тергөөчүгө тапшырышып, «мына эми бул киши силердин мүлк боюнча иштейт» деди. Ооба, мен ал жакта иштеген балдарды түшүнүп жатам, алар өзүнүн ишин аткарып жатышат, бирок аларга буйрук берген кишилер бар да. Ошол буйрук берген кишилерге айтат элем, эртели-кечпи бул нерсе тарыхта жазылып калат! Эй, бийликтегилер! Атам Алмазбек Атамбаевди камадыңар, максатыңарга жеттиңер! Эми тынбайсыңарбы! Беспределди токтотпойсуңарбы?! Силердин да ата-эне, тууган-туушкандарыңар бар, эртең элди кайсыл бетиңер менен карайсыңар?! Жигиттин эрдиги алыстан угулат дейт. Кыйын кыргыздарыбызды кыйратып куруттуңар! Ушинтип турсак келечегибиз болбойт! Ыйык Курани каримде жазылган ар бир кыйынчылыктын артынан жакшылык болот деп. Кардын башын кар жутат, хандын башын хан жутат. Алла-Таалага таянып, сабырдуу болуп биз да күтөлү! Бул күндөр да өтөт, бирок ар бир кагылган мыгыңарды сууруй турчу күн да келет…»

Алмазбек Атамбаевдин уулу

Сеид Атамбаев