31.10.2019 16:42

Сеид Атамбаевдин ишканасындагы тинтүү. Ал бизнес-омбудсменге кайрылды

Сеид Атамбаевдин ишканасындагы тинтүү. Ал бизнес-омбудсменге кайрылды

Бүгүн, 31-октябрда дал ушул сааттарда Аскер прокуратурасы мурунку президенттин уулу Сеид Атамбаевдин кеңсесинде тинтүү иштерин жүргүзүп жатат. Мындан улам, Сеид Атамбаев коомчулукка жана бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смитке кайрылды. 

Кайрылууда ал 2003-жылдан бери ээлик кылып келе жаткан «Автомаш-Энерго» ЖЧКсын рейдерлик басып алуу аракеттери болуп жатканын айтат.

«Менин компаниям 22 адамды жумуш менен камсыздап келет. Учурдагы түзүлгөн саясий кырдаалдан улам интернетте жана соцтармактарда биздин компанияны каралоо аракеттери жүрүп жатат, ал эми мамлекеттик органдар мыйзамды бузуу менен биздин ишмердүүлүгүбүзгө тоскоолдук жаратышууда.  

Көп сандагы текшерүү менен келген мамлекеттик түзүмдөр Аскер прокуратурасынан тапшырма алышканын айтып жатышат. Кандай себептер менен Аскер прокуратурасы бардык мамлекеттик органдарды башкарып калган жана эмненин негизинде биздин компанияны кайра-кайра текшерип жатышат? 

2003-жылдан бери акциялардын басымдуу бөлүгү мага таандык компания эмне болуп камакка алынды? Акыркы жылдары эле биздин ишкана мамлекетке 25 миллион сом салык төлөгөн.

Менин ишиме бут тосуп, рейдерлик басып алуу аракеттерин жүргүзүп жатышканын Атамбаевдин уулуна саясий куугунтук катары кабыл алам. 

Мен 7-8-августтагы окуялардан кийин бийлик менен күч түзүмдөрүнүн ийгиликсиз операциясынан жабыркагандарга жардам берип келем. Ооруканаларда оор абалда жаткандарга ар дайым барып турам, 7-8-августта жаракат алгандарга жана жабыркагандарга акчалай жана укуктук жардам берип турам. Бул иштерим менен мен бийликке жакпай жатат окшойм: аягы тыйылбаган суракка чакыруулар, үйлөрдү тинтүү, мамлекеттик органдардан улам келген текшерүүлөр. 

Мен саясат менен алек болбой элемин, элге жардам берип жатам жана аларды жардамсыз калтырбайм - бул менин атамдын жана элимдин алдындагы милдетим. 

Урматтуу Орд Смит мырза, кенен маалымат алуу үчүн сизден менин юристимди жана иш жүргүзүүчүмдү кабыл алууңузду суранам», -деп жазат Сеид Атамбаев.