18.07.2018 10:39

Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт

Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт

Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт, деп эскертет Мамлекеттик салык кызматы.  

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Кеңири маалыматты 194 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.