28.01.2019 18:27

Сергей Слесарев: А. Ибраимовдун иши боюнча бир топ мыйзам бузуулар болду, алардын баарын ачыктоо керек

Сергей Слесарев: А. Ибраимовдун иши боюнча бир топ мыйзам бузуулар болду, алардын баарын ачыктоо керек

Албек Ибраимовдун иши боюнча бир катар мыйзам бузуулар болду, алардын баарын ачыктоо керек. Мындай оюн Бишкектин мурунку калаа башчысы, КСДП партиясынын мүчөсү Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Бүгүн, 28-январда Октябрь райондук сотунда Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум башталды. Соттук отурумда судья тартип сакчылардан ЖМК өкүлдөрүн залдан чыгарып жиберүүнү өтүндү. Бирок, жактоочу Слесаревдин кийлигишүүсү менен кабарчылардын отурумга катышуусуна уруксат берилип, сүрөткө жана тасмага тартпоо талабы коюлду.  

Слесаревдин айтымында, соттун бул аракети сот адилеттүүлүгүнүн ачык-айкындыгын бузууга жатат. «Төртүнчү бийлик өкүлдөрүн сот залынан чыгарып жиберүү тууралуу болгону соттун өтүнүчү келтирилди. Кабарчылар - кадимки эле жарандар, болгону кесибинин арты менен сотто эмне болуп жатканын чагылдырууга укуктуу. Алардын залдан чыгып кетүүсүн суранып жатышат - муну өзү мыйзамды түздөн-түз бузуу. Мыйзамда сот процесстерине ким кааласа, катыша алат деп жазылган», - деп билдирди жактоочу. 

Ал белгилеп кеткендей, кылмыш ишти Биринчи Май райондук сотунан Октябрь райондук сотуна өткөрүп берүүдө да тартип бузуу болгон.  «Аймактык соттолуучулук маселесин соттор кандай карап чыкканын биз билбейбиз. Бул - биринчи тартип бузуу. Мыйзам боюнча иш Биринчи Май райсотунда каралышы керек эле, эмне үчүн Октябрь райсоту болуп калды. Мындай тартип бузуу болгондо, кандай өкүм чыкса да, аны жокко чыгарса болот. Бул Кылмыш-процессуалдык кодексти олуттуу бузуу экенин баары билет», - деп билдирди Албек Ибраимовду коргоочу тарап. 

С.Слесарев ошондой эле, соттук процессти өткөрүүгө тиешелүү шарттар каралбаганына таң калганын жашырган жок.  «Эмне үчүн сот процессин өткөрүүгө ылайыктуу жай табышкан жок? 9 айыпталуучусу бар мындай оор кылмыш боюнча соттук отурумду бул залда өткөрүү мүмкүн эмес. Тергөө бир катар мыйзамсыз иш кылганын билем, аларды ачыкка чыгарыш керек. Баарынан да ЖМК аркылуу, бул териштирүүлөргө катыша ала турган жарандар аркылуу. Мен жактоочулар, айыпталуучулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүп берүүнү дагы бир ирет сурандым. Мындай кейип менен сот отурумун өткөрүүгө болбойт», - деп түшүндүрдү ал. 

Адвокат ошондой эле Албек Ибраимовго тагылып жаткан айыптар негизсиз экенин билдирди.   «Оор айыптоолорду коюп жатышат,  аны «Коррупция» деген берененин аталышы эле айтып турат. Бул берене менен айыпташ үчүн жеке кызыкчылык болуш керек. Ал эми, кылмыш ишинде Ибраимовдун жеке кызыкчылыгын көздөгөнү тууралуу бир сөз жок. Бул ишти карап жаткан тергөө бирикпей турган нерсени бириктирген. Алар бир нече ишти дароо бир ишке бириктирип коюшкан: Дастан боюнча эпизоддорду жана мэрия боюнча эпизоддорду. Бул Ибраимов менен байланышкан ар кайсы убак, ар кайсы адамдар. Мунун өзү олуттуу мыйзам бузуу болуп эсептелет», - деп белгиледи С.Слесарев.