08.10.2019 12:31

Сергей Слесарев: Алмазбек Атамбаевди Азиз Батукаевдин иши боюнча гана суракка алышты

Сергей Слесарев:  Алмазбек Атамбаевди Азиз Батукаевдин иши боюнча гана суракка алышты

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча гана суракка алып, калган кылмыш иштери боюнча суракка алыша элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, кеп Кой-Таш айылындагы башаламандык, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо, жерлерди мыйзамсыз сатып алуу жана башка фактылар боюнча козголгон кылмыш иштери тууралуу болуп жатат.

«Иликтөө жүрүүдө, бирок Алмазбек Атамбаевге тергөөчүлөр келе элек. Суракка да чакырыша элек. Алмазбек Атамбаев суроолорго жооп бербөө укугун пайдаланып жатат», -деди жактоочу.

Эске салсак, ИИМ Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайра жанданган кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө экс-президент Алмазбек Атамбаевди бир нече жолу күбө катары суракка келүүгө чакырган. Алмазбек Атамбаев мыйзамдарга таянуу менен суракка келүүдөн баш тарткан, бирок суроолорго кагаз жүзүндө жооп берүүгө макулдугун билдирген. Буга макул болбогон ИИМ жетекчилиги менен УКМК 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө чабуул жасап, экс-президент кагылышууну токтотуу максатында колго түшүп берген. Ошол эле күнү Атамбаев УКМКнын Тергөө изоляторуна киргизилген. Кийинчерээк ага бир нече беренени илип, 26-октябрга чейин камакта калтырышкан.