10.04.2019 16:45

Сергей Слесарев экс-мэрлердин ишин кароодогу соттук бузууларды санап берди

Сергей Слесарев экс-мэрлердин ишин кароодогу соттук бузууларды санап берди

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун  соту башталбаш керек болчу. Бул туурасында Ленин райондук сотундагы соттук отурум бүткөндөн кийин  жактоочу Сергей Слесарев билдирди. 

Анын айтымында, жактоочулардын бири бүгүнкү отурумга келбей калгандыктан, прокурорлор ишти кароону башка күнгө жылдырууну сунуштаган. «Мен мындан да көптү айтайын, бул иш такыр башталбайт жана мыйзамга ылайык, башталбашаы да керек болчу. Эки кылмыш ишин бириктирүү – мыйзамсыз, бирок сот аны ушул боюнча калтырып жатат. 50 томдон турган кылмыш ишин бириктирип коюшту, алардын үчөө бири-бири менен байланышы жок. Сотко 14 айыпталуучу, 14 жактоочу  катышууда. Жактоочулардын бир бөлүгү башка процесстерде да, мисалы, ЖЭБ боюнча, же башка иш боюнча катышып жатканын эске алганда, ушунча адамдын башын кантип бир күнү бириктирүүгө мүмкүн? 

Адамдык маселелер да бар – ооруп калат, бир жактоочу  бирөө каза болуп, ал жакта көз көрсөтүп жүрөт. Жадагалса, мына ушундай себептер менен да мынча ишти бириктирбеш керек эле, бирок, ал болуп жатат», - деди нааразы жактоочу.

Андан сырткары, адвокат сот алдын-ала угуулар боюнча эрте кабарлабаганын белгилеп кетти. «Сот айыптоочу актылар тапшырыла электигин билген соң, кайра артка кошумча тергөөгө жөнөтүшү керек эле. Аларга айыптоо боюнча акт тапшырылып, аны менен таанышууга убакыт берилиши керек болчу.  Мындан кийин гана иш сотко өтмөк.  Анан да, эмне үчүн 14 айыпталуучунун бешөө камакта отурат, а калгандары жок? Эмне үчүндүр, сотто мурун маанилүү  кызматтарда иштегендерге ишеним жок экен», - деди Слесарев.

Ал ошондой эле, судья соттук процессти өткөрүүгө тийиштүү шарт түзүшү керектигин айтты.

Эскерте кетсек, Ленин райондук сотунда бүгүн, 10-апрелде экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум белгиленген. Бирок, жактоочулардын бири келбей калгандыгына байланыштуу, отурум кийинки жумага жылдырылды.