02.05.2019 12:55

Сергей Слесарев: Кулматов менен Ибраимовдун камакта кармалып турушу - мыйзамсыз

Сергей Слесарев: Кулматов  менен Ибраимовдун камакта кармалып турушу - мыйзамсыз

Бүгүн, 2-майда Ленин райсотунда экс-мэрлердин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө экс-мэр Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев судьянын соттук процессти өткөрүүгө укугу жок экенин билдирди. 

«Сиз кылмыш иштерди өндүрүшкө алган жоксуз. Мурда сиз «Күнөстүү жээк» жана мектеп боюнча эки кылмыш ишти кабыл алгансыз. Кийин экөөнү бириктиргенсиз, ошол боюнча кабыл алган эмессиз. Жаңы бириктирилген иш боюнча кылмыш иши дайындалган эмес», - сказал адвокат.

Андан тышкары, Слесарев ишти сот Архарова кабыл алгандыгы жөнүндө токтом бар экенин билдирди. Ал угууларды үстүбүздөгү жылдын 28-январына белгилеген. 

«Дастан» ишканасы жана мэрия боюнча жаза өтөө чарасынын мөөнөтү 28-мартта аяктаган.  Бул - Албек Ибраимов ошол күндөн бери мыйзамсыз түрдө камакта отурат дегенди билдирет. Кулматовдун иши менен да дал ушул эле көрүнүш. Кылмыш иш 7-январга белгиленген. Демек, 7- апрелден бери Кулматов абакта мыйзамсыз отурат», - деп билдирди жактоочу. 

Өз кезегинде Албек Ибраимов Кулматовдун иши -саясий буйрутма экенин билдирди. «Алар бул жакта бирөөнүн үстүнөн жалган жалаа жазып берүүдөн баш тартканы үчүн отурушат», - деди Ибраимов.